Жаңылыктар

04.10.2024 11:25

   Кароолор: 638

ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ УСУЛДУК-МЕТОДИКАЛЫК САБАКТАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Айттырбай келген кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда ӨКМдин кызматкерлеринин кесиптик ар тараптуулугун, билим деңгээлин жогорулатуу максатында кезектеги окутуу өттү.

Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облусутук жана Бишкек, Ош шаардык башкармалыктары, район, шаардагы бөлүмдөрү, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору, Республикалык өзүнчө куткаруу отряды жана Тоо-кен куткаруу кызматы, Окуу-изилдөө борбору, Суучулдар борбору жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчилерине, орун басаларына атайы усулдук-методикалык сабактар өткөрүлдү.

Окутуу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунда 17-сентябрдан 3-октябрга чейин 4 этап менен уюштурулду.

Сабактардын жүрүшүндө кызматкерлерге жыл ичиндеги катталган ири табигый кырсыктарга жасалган анализдик маалыматтар жеркирилди. Анын ичинде сел кырсыгына өзгөчө басым жасалып, талкууга алынды. Ошондой эле өзгөчө кырдаал коркунучунда жана орун алганда калкка ыкчам кабар берүү, эвакуациялоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда аймактагы жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү бийлик менен болгон өз ара аракеттенүү иш-аракеттери ошондой эле суу коопсуздугу боюнча сабактар өткөрүлдү.

Мындан сырткары гуманитардык жардамды кабыл алуу, жеткирүүнү уюштуруунун укуктук негиздери, массалык маалымат каражаттары тууралуу маалыматтар жеткирилди.

Мындай окутуу пландын негизинде жыл сайын өткөрүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

**********

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу