Жаңылыктар
24.10.2023 11:28
Кароолор: 1260
ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ПРЕЗИДЕНТТИН АЛКЫШЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ
СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК
ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ПРЕЗИДЕНТТИН АЛКЫШЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 7 кызматкерине Президенттин 2023-жылдын 26-сентябрындагы №184 тескемесинин менен Алкыш жарыяланды.
ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кызматкерлерди Алкыш баракчалары менен сыйлады. Ал эми алыскы аймактагы кызматкерлерге министрликтин башкармалыктары аталган сыйлыктарды ыйгарышты.
Тактап айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин ар тармактуу өнүктүрүүдө, өрт кырсыктарынын болтурбоодо, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууда, кесепеттерин жоюуда, адам өмүрүн сактап калууда ошондой эле кырдаалдар жаралган учурда элге керектүү тамак-аш корун көзөмөлдөө иштерине кошкон зор салымдары үчүн сыйлыкка татыды.
Сыйлык ээлерин атай кетсек:
- ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Чүй райондук ӨКБнын өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы, майор Эркинбек Сулайымбеков;
- ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын №13 АӨККБнын команда башчысы, прапорщик Асан Шананов;
- ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаментинин өндүрүштүк пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Аблаз Дадаев;
- ӨКМдин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мобилизациялык резервди контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акимжан Ысманкулов;
- ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун директорунун орун басары Майсалбек Жусуев;
- ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын Ак-Суу району боюнча ӨКБнын №39 ӨККБнын башчысы Виктор Хандрамайлов;
- ӨКМдин БАнын Сыноо лабораториясынын башкы адиси Мурадилалы Молдалиев.
Сыйлык жалкы болсо, сыймык жалпы кыргыз элиники. Анын ичинде ӨКМдин сыймыгы. Бар болуңуздар сыйлык ээлери!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР