Жаңылыктар

27.07.2026 11:18

   Кароолор: 171

ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЭЭГИНДЕ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

Туристтик сезондун кызуу маалында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери күн сайын Ысык-Көлдүн жээгинде алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Облустун бардык райондорунда куткаруучулар пляждарга жана жарандар көп эс алган жайларга барып, эс алуучулар, туристтер жана аймактын коноктору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жарандарга сууда коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы эскертилет. Тактап айтканда, белгиленген чектен (буйкалардан) ары сүзбөө, балдарды кароосуз калтырбоо, алкоголдук ичимдик ичкен абалда сууга түшпөө, ошондой эле сапборд, кайык, гидроцикл жана башка сүзүү каражаттарын пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы түшүндүрүлөт. Өзгөчө куткаруучу жилеттерди милдеттүү түрдө кийүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, ӨКМ кызматкерлери суу техникаларын ижарага берүүчү жайлардын ээлери жана кызматкерлери менен да алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Аларга ар бир кардарга куткаруучу жилет берүү, сууга чыгар алдында коопсуздук боюнча нускама өткөрүү жана коопсуздук талаптарын бузган адамдарга сүзүү каражаттарын пайдаланууга жол бербөө зарылдыгы эскертилет.

Алдын алуу иш-чаралары Ысык-Көл облусунун бардык райондорунда күн сайын өткөрүлүүдө. Алардын негизги максаты — сууда болгон кырсыктардын алдын алуу, коопсуз эс алуу маданиятын жогорулатуу жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн жарандары менен конокторун өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга, сууда жүрүү эрежелерин так сактоого жана куткаруучулардын сунуштарын этибарга алууга чакырат.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу