Жаңылыктар

23.06.2025 18:00

   Кароолор: 206

ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

23-июнь – Мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө жана 15-июнь - Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым мамлекеттик жана аскердик кызматкерлери КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сыйлыктары менен сыйланышты.

Тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматты өнүктүрүүгө, реформалоого манилүү салымын кошкондугу, мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн “КР мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси, ошондой эле “Ардак грамотасы” ыйгарылды.

Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси, генерал-майор Бообек Ажикеевдин куттуктоосун жеткирип, сыйлыктарды тапшыруу менен жалпы өздүк курамды бүгүнкү майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгилик, бакубат жашоо, бекем ден соолук каалады. Ал белгилегендей, министрликтин потенциалын арттырууга, барандуу ийгиликтердин жаралуусуна кызматкерлердин кошкон салымы зор.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу