Жаңылыктар

31.08.2023 09:22

   Кароолор: 395

ӨКМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте эл кызматында.

🇰🇬АЛА-ТОО АЯНТЫНДАГЫ МАЙРАМДЫК ШАҢ

✅ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эгемендик алганына 32 жыл толду. Өлкөбүздүн эң негизги майрамына карата учурда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтүүдө.

Аянтка чогулган жарандардын коопсуздугу жана кырсыктын алдын алуу максатында жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын N 3 Өрткө каршы куткаруу кызматы жана Бишкек шаардык Куткаруу кызматы нөөмөттө турган чагы.

Белгилей кетсек өлкөнүн бардык аймагында күнү-түнү кызмат өтөгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

ӨКМ— сизге жардам көрсөтүүдө күнү-түнү байланышта!

☎️112

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу