Жаңылыктар
04.05.2024 15:56
Кароолор: 296
ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛ АРАЛЫК МАРАФОНГО КАТЫШЫШТЫ
Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Run the Silk road” эл аралык ШКУ марафону болуп өттү.
Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 61 кызматкер катышты.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чаранын алкагында марафон - 42,19 чакырым, жарым марафон - 21,97 чакырым, 10 чакырым, 3 чакырым аралыкка чуркоо, ошондой эле скандинавиялык басуу жарыштары орун алды.
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышты.
Иш-чараны өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт тарабынан 11 млн сом бөлүнгөн. 42,2 чакырым жана 21,1 чакырым аралыктарындагы абсолюттук зачёттогу жеңүүчүлөр үчүн байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда тиешелүү нормативдерди аткарган спортчуларга Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия берилет. Бул World Athletics уюмунун календарлык мелдештерине киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР