Жаңылыктар
04.05.2025 11:47
Кароолор: 229
ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛ АРАЛЫК МАРАФОНГО КАТЫШТЫ
Кечээ, 3-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ШКУнун "Run the Silk Road Ысык-Көл" Эл аралык марафону старт алып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 82 кызматкери катышты.
Марафонго жалпысынан 20 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышты.
Катышуучулар 42,2 км классикалык марафондо, 21,1 км жарым марафондо, ошондой эле 10 км, 3 км аралаыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар өттү.
Абсолюттук эсеп боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери акчалай сыйлыктарга ээ болушту:
• Марафон (42,2 км): 200 000, 140 000 жана 100 000 сом;
• Жарым марафон (21,1 км): 70 000, 50 000 жана 30 000 сом.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР