Жаңылыктар

29.05.2024 19:25

   Кароолор: 1767

ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ "АЛЬЯНС АЛТЫН" ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫН БААЛООДО

"Кырсык каш-кабактын ортосунда", дегендей адам фактору себеп болгон техногендик жана табигый кырсыктардын алдын алууга, аны токтотууга ар дайым даяр болуу зарыл.

Андыктан Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдыгын баалоо бул жолу 29-майда “Альянс алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунда өттү. Аталган алтын ишканасы Талас облусундагы "Жер-Үй" кенин казууда.

ӨКМдин борбордук аппаратынын жана Талас облустук башкармалыгынын кызматкерлери ишканада Жарандык коргонуу тутумуна киргизилген бардык тармагын текшерип, абалына баалоо иштерин жүргүзүшөт.

Алсак документтик кагаз иштерин жүгүртүү, ыкчам чара көрүү, өрт кырсыктарын болтурбоо, авариялык куткаруу, радиациялык абалы, медицинасы жана башка тутумдары бааланып, жыйынтыгы чыгарылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу