Жаңылыктар
20.11.2023 10:00
Кароолор: 32952
ӨКМ КЫЗМАТКЕРИ ПАУЭРЛИФТИНГ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА 1-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
ӨКМ КЫЗМАТКЕРИ ПАУЭРЛИФТИНГ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА 1-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицери майор Арапбаев Тилек Мухтарович 2023-жылдын 16-19-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатына катышты.
ӨКМ кызматкери 67.5 кг салмакта катышып, жыйынтыгында 1-орунга ээ болду. Анын чемпионатка катышуусун Кара- Суу райондук ӨКБ башчысы майор Сүйүн Осмонов өзү колдоого алып, демөөрчүлүк көрсөткөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы Тилекти жеңиши менен куттуктап, мындан ары да чоң ийгиликтерди каалайт!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР