Жаңылыктар
17.09.2026 16:40
Кароолор: 99
ӨКМ КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ВИДЕОРОЛИКТЕР СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата социалдык видеороликтердин республикалык сынагын жарыялайт.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган видеороликтердин республикалык сынагы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө (КТАК) арналган видеороликтердин республикалык сынагын (мындан ары – Сынак) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Сынак Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуздук маданиятын жогорулатуу, коомчулуктун өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу маселелерине көңүлүн буруу жана жарандардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандыруу максатында өткөрүлөт.
1.3. Сынактын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болуп саналат.
1.4. Сынакты уюштурууга жана өткөрүүгө мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, эл аралык өнөктөштөр жана башка кызыкдар уюмдар тартылышы мүмкүн.
1.5. Сынак жыл сайын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында үч этапта өткөрүлөт:
- I этап – райондук/шаардык деңгээл;
- II этап – облустук деңгээл;
- III этап – республикалык деңгээлде, финалдык этап.
1.6. Сынакка катышуу акысыз жүргүзүлөт.
2. Сынактын максаттары жана милдеттери
2.1. Сынактын негизги максаты: калкты өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктери жана алардын алдын алуу ыкмалары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, коопсуздук маданиятын калыптандыруу жана жарандарды кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларга тартуу.
2.2. Сынактын милдеттери:
- калк арасында коопсуздук маданиятын жайылтуу;
- балдардын, жаштардын жана улуу адамдардын жаратылыш жана техногендик тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;
- өзгөчө кырдаалдар катталганга чейин, өзгөчө кырдаал учурунда жана өзгөчө кырдаалдар катталгандан кийин өзүн-өзү алып жүрүү боюнча жүрүм-турум эрежелери жөнүндө билимдерди жайылтуу;
- коомчулуктун өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелерине көңүлүн буруу;
- таланттуу авторлорду жана чыгармачыл жамааттарды аныктоо;
- жарандык коргонуу маселелери боюнча сапаттуу видеоконтент түзүү;
- Кыргыз Республикасынын ӨКМги тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иштеринде мындан ары пайдалануу үчүн социалдык видеороликтердин банкын түзүү;
- ӨКМдин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин жана коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү.
3. Сынактын темасы
3.1. Катышуучулар төмөнкү теманы ачып берүүчү кыска социалдык видеороликтерди түзүшөт:
- «Коопсуздук ар бир адамдан башталат»;
- «Коопсуздук мүнөтү»;
- «Өмүр сактоочу тасма».
3.2. Видеороликтер төмөнкү багыттардын бирине же бир нечесине арналышы мүмкүн:
- жер титирөө учурундагы жүрүм-турум эрежелери;
- селдердин жана суу ташкындарын алдын алуу;
- суу объектилериндеги коопсуздукту жана сууга чөгүп кетүүлөрдү алдын алуу;
- өрт коопсуздугун алдын алуу;
- балдардын коопсуздугу;
- тоодогу коопсуздук;
- жер көчкүлөрдү алдын алуу;
- катуу шамал жана башка кооптуу жаратылыш кубулуштары учурундагы коопсуздук;
- өзгөчө кырдаалдар учурунда калктын аракеттери;
- тез жардам кызматтарын пайдалануу тартиби;
- биринчи медициналык жардам;
- турмуш-тиричиликтеги коопсуздук маданияты;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда үй-бүлөдөгү коопсуздук;
- билим берүү мекемелериндеги коопсуздук;
- өзгөчө кырдаалдар учурунда жолдордогу коопсуздук;
- экологиялык коопсуздук;
- жарандардын кырсыктарды алдын алууга жоопкерчиликтүү мамилеси;
- кырсыктардын тобокелдигин азайтууда жаштардын жана ыктыярчылардын ролу;
Сынактын максаттарына ылайык келген башка темаларды дагы колдонууга жол берилет.
4. Сынактын катышуучулары
4.1. Сынакка төмөнкү тараптар катыша алышат:
- жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары;
- студенттер;
- кошумча билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары;
- жаштар уюмдары;
- чыгармачыл жамааттар;
- уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
- Кыргыз Республикасынын жарандары жана үй-бүлөлөрү;
- кесипкөй жана ышкыбоз видеографтар.
4.2. Катышуучулар жеке түрдө же чыгармачыл топтун курамында катыша алышат.
4.3. Бир катышуучу же жамаат ар бир этапта бирден ашык эмес видеоролик сунуштай алат.
4.4. Сынакка ушул сынак үчүн атайын даярдалган видеороликтер гана кабыл алынат.
5. Видеороликтерге коюлуучу талаптар:
5.1. Видеороликтин узактыгы 3 мүнөттөн (180 секунддан) ашпоого тийиш.
5.2. Видеоролик Сынактын темасына ылайык келип, социалдык, маалыматтык же билим берүү багытында болууга тийиш.
5.3. Сунушталуучу формат:
- горизонталдуу – 16:9;
- чечилиши – Full HD (1920×1080) кем эмес;
- файлдын форматы – MP4;
- үн жана сүрөттүн сапаты видеороликти коомдук жайларда көрсөтүүгө жана социалдык тармактарга жайгаштырууга мүмкүндүк берүүгө тийиш;
- видеороликтер мамлекеттик же расмий тилдерде болууга тийиш.
5.4. Видеотасмада төмөнкүлөрдү колдонууга уруксаат берилет:
- компьютердик графика;
- анимация;
- интервью;
- сахналаштырылган көрүнүштөр;
- документалдык кадрлар;
- сүрөттөр;
- инфографика;
- музыкалык коштоо.
5.5. Видеороликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга же алардын кесепеттерин азайтууга багытталган так жана түшүнүктүү негизги ой камтылууга тийиш.
5.6. Үчүнчү жактардын материалдарын Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен гана пайдаланууга жол берилет.
5.7. Төмөнкүдөй видеороликтерге жол берилбейт:
- зомбулукка чакырыктарды камтыган;
- кемсинтүүлөрдү, адепсиз сөздөрдү камтыган;
- кооптуу же мыйзамга каршы жүрүм-турумду пропагандалаган;
- саясий үгүттү камтыган;
- башка адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын бузган;
- калктын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон анык эмес маалыматтарды камтыган;
- жасалма интеллекттин чыгармачылыгы менен даярдалган видеотасмалар, видеороликтер.
6. Сынакты өткөрүү тартиби
6.1. Биринчи этап – Кыргыз Республикасынын райондорунда жана шаарларында өткөрүлөт:
- биринчи этапты уюштурууну КР ӨКМдин аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү органдары жана башка кызыкдар уюмдар менен биргеликте жүзөгө ашырат;
- сынакты өткөрүү жөнүндө маалымат арыздарды кабыл алуу аяктаганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен калкка жеткирилет;
- арыздарды жана видеороликтерди кабыл алуу уюштуруучулар тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт;
- иштерди баалоо үчүн райондук/шаардык сынактык комиссия түзүлөт;
- биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү жана байге ээлери аныкталат;
- биринчи орунду ээлеген видеоролик облустук этапка жөнөтүлөт.
6.2. Экинчи этап – облустук деңгээлде өткөрүлгөн сынакка райондук жана шаардык этаптардын жеңүүчүлөрү катышат:
- облустук этапты КР ӨКМдин аймактык башкармалыктары өткөрөт;
- облустук этапты өткөрүү үчүн облустук сынактык комиссия түзүлөт;
- комиссия сунушталган видеороликтерди ушул Жободо белгиленген критерийлерине ылайык баалайт;
- облустук этаптын жыйынтыгы боюнча төмөнкү орундар аныкталат:
- 1-орун;
- 2-орун;
- 3-орун.
- биринчи орунду ээлеген видеоролик республикалык финалдык этапка жөнөтүлөт.
6.3. Үчүнчү этап – республикалык финалга облустук этаптардын жеңүүчүлөрү катышат:
- республикалык этапты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурат;
- финалды өткөрүү үчүн Республикалык сынактык комиссия түзүлөт:
- республикалык сынактын жеңүүчүлөрү онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат;
- республикалык финалды Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган расмий иш-чаранын алкагында өткөрүү сунушталат;
- республикалык этаптын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү наамдар ыйгарылат:
Гран-при / республикалык сынактын жеңүүчүсү;
- I орун – байге ээси;
- II орун – байге ээси;
- III орун – байге ээси.
Республикалык сынактык комиссиянын чечими боюнча кошумча номинациялар белгилениши мүмкүн:
- «Мыкты социалдык ролик»;
- «Мыкты сценарий»;
- «Мыкты режиссёрдук ой-түшүнүк»;
- «Мыкты билим берүүчү ролик»;
- «Балдардын коопсуздугу жөнүндө мыкты ролик»;
- «Көрүүчүлөрдүн тандоосу»;
- «Мыкты жаштар ролиги»;
- «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жөнүндө мыкты ролик».
7. Арыздарды берүү тартиби
7.1. Сынакка катышуу үчүн катышуучу төмөнкүлөрдү берет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Сынакка катышуу жөнүндө арыз;
- видеороликтерди жана тасмаларды YouTube каналына жарыялоо жана мүмкүн болбогон учурда фейсбук баракчасына жарыялоо, жарыяланган тасмалардын шилтемелерин;
- видеоролик;
- видеороликтин кыскача сүрөттөлүшү бонча маалымат;
- автор же чыгармачыл топ жөнүндө маалымат.
7.2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- видеороликтин аталышы;
- катышуучунун аты-жөнү же жамааттын аталышы;
- катышуучунун/катышуучулардын жаш курагы;
- уюм, окуу жайы же иштеген жери;
- видео тартылган калктуу конуш тууралуу маалымат (айылы, району, шаары, облусу)
- байланыш телефону;
- электрондук почта;
- чыгармачыл топтун жетекчисинин аты-жөнү (эгер бар болсо).
7.3. Видеороликтер электрондук түрдө маалыматтык системалар, электрондук почта, булуттагы сактагыч же электрондук алып жүрүүчү каражаттар аркылуу берилет.
7.4. Катышуучу сунушталган видеороликке зарыл болгон укуктарга ээ экендигин ырастайт.
8. Сынактык комиссиялар
8.1. Ар бир этапты өткөрүү үчүн тиешелүү сынактык комиссия түзүлөт.
8.2. Комиссиянын курамына төмөнкү кызматтардын өкүлдөрү кириши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын ӨКМги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- билим берүү органдары;
- жалпыга маалымдоо каражаттары;
- кесиптик коомчулук;
- коомдук уюмдар;
- маданият жана искусство чөйрөсүндөгү уюмдар;
- коммуникациялар жана видеопродукция боюнча адистер.
8.3. Комиссиянын мүчөлөрү сунушталган тасмалардын авторлору катары Сынакка катышууга тыюу салынат.
8.4. Сынактык комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
8.5. Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9. Баалоо критерийлери
Ар бир видеоролик 100 баллдык система боюнча бааланат:
| № | Баалоо критерийи | Максималдуу балл |
| 1 | Сынактын темасына шайкештиги | 15 |
| 2 | Социалдык маанилүүлүгү | 20 |
| 3 | Идеянын оригиналдуулугу | 15 |
| 4 | Маалыматтуулугу жана практикалык пайдалуулугу | 15 |
| 5 | Көрүүчүгө тийгизген таасири | 15 |
| 6 | Сценарийдин жана режиссуранын сапаты | 10 |
| 7 | Сүрөттүн, үндүн жана монтаждын сапаты | 10 |
| Жыйынтыгы | 100 | |
9.1. Баллдар тең болуп калган учурда «Социалдык маанилүүлүгү» жана «Көрүүчүгө тийгизген таасири» критерийлери боюнча көбүрөөк балл алган видеороликке артыкчылык берилет.
9.2. Зарыл болгон учурда комиссия кошумча добуш берүү өткөрүүгө укуктуу.
10. Жыйынтык чыгаруу жана сыйлоо
10.1. Ар бир этаптын жеңүүчүлөрү жыйынтыктоочу баллдардын же добуш берүүлөрдүн негизинде аныкталат.
10.2. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат. Ошондой эле министрликтин сайтына жана расмий баракчаларына жайгаштырылат.
10.3. Республикалык этапта төмөнкүлөрдү белгилөө сунушталат:
- Гранпри – атайын мекемелик сыйлык жана баалуу белек;
- I орун – I даражадагы диплом жана башкы сыйлык;
- II орун – II даражадагы диплом жана сыйлык;
- III орун – III даражадагы диплом жана сыйлык.
10.4. Сыйлыктардын өлчөмү жана түрү Сынактын уюштуруучулары тарабынан аныкталат.
10.5. Республикалык финалдын бардык катышуучулары катышуучулардын сертификаттары менен сыйланышы мүмкүн.
11. Сынактык материалдарды пайдалануу
11.1. Катышуучу видеороликти Сынакка берүү менен уюштуруучуга аны социалдык жарнама, калкка маалымат берүү жана окутуу максаттарында акысыз пайдаланууга укук берет.
11.2. Уюштуруучу сынактык видеороликтерди төмөнкү жерлерде жайгаштырууга укуктуу:
- КР ӨКМдин расмий сайтында;
- социалдык тармактарда;
- видеохостингдерде;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында;
- маалыматтык экрандарда;
- билим берүү мекемелеринде;
- Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган иш-чаралар
учурунда.
11.3. Видеороликти жайылтууда автордун аты же чыгармачыл жамааттын аталышы көрсөтүлөт.
11.4. Мыкты видеороликтер Кыргыз Республикасынын ӨКМинин маалыматтык-түшүндүрүү иштеринде андан ары пайдалануу үчүн социалдык видеоматериалдардын бирдиктүү банкына киргизилиши мүмкүн.
12. Сынакты каржылоо
12.1. Сынакты уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттардын, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
12.2. Сынакты каржылоого жана сыйлыктарды берүүгө эл аралык уюмдар, өнөктөштөр, демөөрчүлөр жана башка кызыкдар уюмдар тартылышы мүмкүн.
13. Жыйынтыктоочу жоболор
13.1. Уюштуруучу объективдүү жагдайлар болгон учурда Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрүнө жана уюштуруу шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.
13.2. Сынакты өткөрүү учурунда келип чыккан бардык талаштуу маселелер тиешелүү сынактык комиссия тарабынан каралат.
13.3. Сынакка катышуу катышуучунун ушул Жобого макулдугун билдирет.
13.4. Ушул Жобо бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет. 1-тиркеме
АРЫЗ
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган видеороликтердин сынагына катышуу жөнүндө
1. Видеороликтин аталышы:
2. Номинациясы:
3. Катышуучунун аты-жөнү / чыгармачыл топтун аталышы:
4. Жашы:
5. Уюм / окуу жайы:
6. Район / шаар / облус:
7. Байланыш телефону:
8. Электрондук почтасы:
9. Чыгармачыл топтун жетекчисинин аты-жөнү:
10. Видеороликтин кыскача сүрөттөлүшү: