Жаңылыктар

03.09.2026 13:06

   Кароолор: 44

ӨКМ КЫРЧЫНДАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫН ТИК УЧАК МЕНЕН БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДАГЫ ООРУКАНАГА ТЕЗ АРАДА ЖЕТКИРДИ

Кырчын, 2026-жылдын 3-сентябры. Кырчын этномаданий шаарчасында Кыргыз Республикасынын жараны ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткенине байланыштуу КР ӨКМдин мобилдик госпиталына медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

КР ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык кароодон өткөрүшкөн. Жарандын абалына байланыштуу тез арада медициналык жардам көрсөтүү үчүн аны Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган.

Жаранды ыкчам жеткирүү максатында КР ӨКМнин тик учагы тартылган. ӨКМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жаранды Балыкчы шаарындагы медициналык мекемеге чейин коштоп барып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин тик учактары нөөмөттө туруп, зарыл болгон учурда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда аларды тез арада эвакуациялоого даяр.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу