Жаңылыктар

07.12.2023 11:24

   Кароолор: 142

ӨКМ КУТКАРУУЧУСУ БОКС БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШТЕ I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Бишкекте Республикалык деңгээлде өткөн бокс боюнча чемпионатта ӨКМдин куткаруучусу Жакшылык Таалайбеков 1-ОРУНДУ ээледи. 67 кг салмак арасында күч сынаган мушкер үч жолу рингге чыгып, үчөөндө тең таза жеңиш менен чыккан.

Бокс боюнча чемпионат 2-6-декабрга чейин өтүп, 13 салмактык категориядагы өлкөнүн жети облусунан келген жалпы 101 спортчу катышкан.

Белгилей кетсек, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын издеп куткаруу тобунун командири, улук лейтенант Жакшылык Талайбеков ушуну менен үчүнчү ирет катары менен биринчиликти бербей, чемпиондук макамын сактап калды.

29 жаштагы куткаруучу спорттун бокс түрү менен 7-классынын бери машыгып келет. Буга чейин да өзүнүн күчүн Сербия, Венгрия, Кувейт, Иордания, Ташкент, Казахстан, Россия өңдүү чет мамлекеттерде сынап, бир катар ийгиликтерди жаратып келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу