Жаңылыктар
06.02.2024 13:14
Кароолор: 1251
ӨКМ КУТКАРУУЧУСУ АРМРЕСТЛИНГ БОЮНЧА ТУРНИРДЕ 1-ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ
КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук ӨКБнын өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Маматкасым уулу Сымбат 2024-жылдын 3-февраль күнү, Ош шаарында өткөн армрестлинг барс лига боюнча өткөн турнирге катышты. ӨКМ кызматкери 75 килограммга чейинки салмак категориясында сол кол боюнча биринчи жана оң кол боюнча 2- орунга ээ болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы Сымбатты жеңиши менен куттуктап, чоң ийгиликтерди каалайт!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР