Жаңылыктар
03.06.2024 11:31
Кароолор: 482
ӨКМ КУТКАРУУЧУСУ АРМЕНИЯДА ТАЖРЫЙБАСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 20-майынан 31-майга чейин Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин куткаруучулары Армениянын Ераван шаарында “Өнөр-жай обьектилериндеги аркан технологиясы” боюнча окуу-машыгуудан өтүштү.
Ага 11 мамлекеттен Алжир, Тунис, Египет, Кипр, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Ливан, Бахрейин, Иордания жана Сербиянын куткаруучулары катышты.
11 күндүк окуу программасынын алкагында катышуучулар тоодо, сууда, бийик имараттан адамдарды куткаруу ишинде аркан менен колдонулуучу ыкмаларды үйрөнүшүп, өз ара тажрыйба алмаша алышты.
Окутуунун башкы максаты - куткаруучулардын кесиптик билимдерин жогорулатуу, жаңы ыкмаларды өздөштүрүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган окуу-машыгуу ЭЖКУнун программасынын алкагында экинчи ирет өтүп, Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучусу, улук прапорщик Рыспай Оморбеков катышты. Соңунда жалпы катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР