Жаңылыктар

07.07.2026 09:44

   Кароолор: 233

ӨКМ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ГРИГОРЬЕВКА КАПЧЫГАЙЫНЫН СУУ-АШУУ АШУУСУНДАГЫ МАЛЧЫЛАРДАН КАБАР АЛЫШТЫ

ӨКМдин куткаруучулары жана Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, кызматкерлер 6-июль күнү, Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчыларга азык-түлүк жеткиришип, алардан кабар алышты.

Ошондой эле аталган ашуудагы малчыларга капчыгайдын Ак-Сай жайлоосунда нөшөрлүү жаандан улам сел агымы пайда болгондуктан кооптуулук бар экендигин эскертишип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Учурда малчылардын абалы жакшы жана азык-түлүк жетиштүү экени белгилүү болду. Ал эми жаш балдар жана аялдар, эс алуучулар Чоң-Ак-Суу дарыясындагы 5-көпүрөнү алып кеткен күнү тагыраагы 2-июлда коопсуз жайга эвакуацияланган. 

Григорьевка капчыгайындагы Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун нугу көтөрүлгөндүктөн улам жарыксыз абалга келген 5-көпүрөнү бүгүндөн тарта техникалар тартылып, калыбына келтирүү жумушу башталат. 

Мындан сырткары ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жеринде изилдөө жүргүзүп, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүдө. Абалды Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев көзөмөлгө алууда.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу