Жаңылыктар
01.09.2025 12:20
Кароолор: 282
ӨКМ КУТКАРУУЧУЛАРЫ АЛА-АРЧАДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ЖАШ БАЛДАРДЫ ИЗДЕП ТАБЫШТЫ
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору тарабында дайынсыз болуп жаткан 4 жаш бала аман-эсен куткарылды.
Кечээ, 31-августта 15 жаштагы С.Э., С.У., Н.А. жана 16 жаштагы О.И. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун Ала-Арча паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылган.
Издеп табуу үчүн көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында жаш балдар аман-эсен куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Алар нөөмөттө турган ӨКМ куткаруучуларына ыраазычылык билдирип, кечиктирилгис жардамдарын жана кесипкөй ишмердүүлүгүн жогору баалады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР