Жаңылыктар
08.10.2026 20:12
Кароолор: 9
ӨКМ: КУТКАРУУ БӨЛҮКТӨРҮНҮН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ ЖАҢЫЛАНУУДА
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын алдында түзүлгөн Биринчи издөө-куткаруу отрядынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ӨКМдин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана өздүк курам катышты.
Салтанаттуу ачылышта министр куткаруучуларды жаңы имараттардын пайдаланууга берилиши менен куттуктап, мамлекет тарабынан куткаруу бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Министр жаңы имараттар куткаруучулардын кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, алардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана калктын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жаңы куткаруу бөлүктөрүнүн пайдаланууга берилиши өлкөдө жарандык коргонуу системасын чыңдоого жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ