Жаңылыктар
03.12.2024 08:31
Кароолор: 807
ӨКМ КУРУЛУШ ИШИНДЕГИ МЫЙЗАМ БУЗУУ БОЮНЧА ТАРАП ЖАТКАН МААЛЫМАТТАРГА ТӨМӨНКҮДӨЙ ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРЕТ
Маалымат булактарында ӨКМге караштуу мекемелери курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуу аныкталып, кылмыш иши козголгондугу тууралуу тарап жаткан маалымат боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында жүрүп жаткан курулуш иштеринин сапатын текшерүү жана мамлекеттик бюджеттен 2024-жылга бөлүнгөн 1 млрд сомдон ашуун каражатты максаттуу пайдалануу боюнча Аскер прокуратурасы ӨКМ менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ӨКМдин Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы жана Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузууга жол берген ӨКМдин кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, ӨКМ коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу максатында ички жана сырткы текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүп келет. Ошондой эле аткарылып жаткан жумуштардын жүрүшү тууралуу маалыматтар коомчулукка дайыма ачык берилип, министр генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө болуп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.