Жаңылыктар

03.01.2025 12:12

   Кароолор: 181

ӨКМ КУРАМА КОМАНДАСЫ ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШКЕ КАТЫШУУДА

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин футбол боюнча курама командасы 2025-жылдын 3-январынан тартып 10-январына чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүчү кезектеги Эл аралык футзал боюнча «Наристе-2025» турнирине катышат. Мелдеште жалпысынан мамлекеттик күч түзүмдөрүнүн, мекемелердин кызматкерлери жана жарандык болуп 35 жаштан улуу, 40 жаштан улуу, 45 жаштан улуу, 50 жаштан улуу, 60 жаштан улуу футбол сүйүүчү ардагерлерден турган 134 команда күч сынашат.

Белгилей кетсек, “Наристе” эл аралык турнири расмий түрдө 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл мелдешке Казакстандан келген мамлекетинен "Достар", "Аулие-Ата", "Фарватер" жана "Кордой" командалары катышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу