Жаңылыктар
04.01.2024 09:43
Кароолор: 1886
ӨКМ КҮНҮ-ТҮНҮ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА
Жаңырган жылдын башындагы эс алуу күндөрүнө карабастан учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча аймактык түзүмдөрүндө, бөлүмдөрүндө нөөмөттө турган кызматкерлер тиешелүү иштерди адаттагыдай тартипте алып барышууда.
Баса белгилей кетсек, ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү, Бишкек шаардык Куткаруу кызматы, 101 кызматы жарандардан келген чалууларды 24 саат боюу кабыл алган "112" кызматы күчөтүлгөн тартипте иш үстүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР