Жаңылыктар
30.12.2024 21:33
Кароолор: 283
ӨКМ КҮНДҮР-ТҮНДҮР КЫЗМАТТА!
Кыргызстандыктар саналуу күндөрдөн соң жаңы 2025-жылды тосушат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, өрт өчүрүүчүлөрү майрамга улай бир нече күнгө созулган эс алуу күндөрдү коопсуз тосуу үчүн кызматтык милдеттерин бийик коюп, мекенибиздин, элибиздин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн күндүр-түндүр иштешет.
Буга байланыштуу министр, генерал-майор Бообек Ажикеев ӨКМдин борбордук аппаратында өткөн жыйында куткаруучуларга өлкө аймагында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды.
Майрам күндөрү эң көп катталчу кырсыктардын бири – өрт кырсыгы. Буга чейин өлкө аймагында куткаруучулар тилсиз жоонун алдын алуу максатында бардык-мекемелерди, үйлөрдү кыдырып, балатынын көркүнө көрк кошчу электр гриляндаларын жана питарда буюмдарын колдонуу жана өрт коопсуздук эрежелерин түшүндүрүшкөн.
Адатта жаңы жылды тосуу майрамы 31-декабрдан 1-январга чейин уланат. Бул күндөрү коомдук жайларга эл топтолуп, оюн-зоок кечелер да уюштурулат. Мындан улам миңдеген куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР, КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
ӨКМ өлкө жарандарынын эсине салат! Республика аймагында министрликтин мекемелеринде нөөмөт күчөтүлгөн тартипте иштейт. Куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр адаттагыдай Жаңы жыл тосуу майрамын кырсыксыз, коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында жер-жерлерде күжүрмөн даярдыкта иштешет. Ошондой эле Жарандык каргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын даяр абалда кармоого чакырат.
Эгер сиз кырсыктын күбөсү болсонуз же кабылсаныз, ошондой эле аба ырайына байланыштуу унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн кызматтардын бирдиктүү 112 номерине байланышууга чакырабыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жылды жакшы маанайда тосуп, эс алуу күндөрдү коопсуз өткөрүүгө чакырат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР