Жаңылыктар
22.01.2025 21:40
Кароолор: 458
ӨКМ КҮЧӨТҮЛГӨН РЕЖИМДЕ ИШТӨӨДӨ
Учурда кар көчкүнүн кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөдө:
-КДМБдан 10 куткаруучу даярдыкта турушат жана 300 л күйүүчү май бар;
- КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жана ККББнын ыкчам топтору кар көчкү түшкөн аймакка жөнөтүлгөн;
- “Сосновка” постунда 500 адамга жана “Арал” постунда 100 адамга ылайык тамак-аш жана жылынуучу жайлар дайындалган.
- Кар көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү иштери боюнча Гидромет сунуш даярдап жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР