Жаңылыктар
06.02.2026 16:18
Кароолор: 113
ӨКМ “КРИСТАЛЛ” ЗАВОДУНУН АЙМАГЫН ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА ТАРЫХЫЙ МИЛДЕТТЕРИН АТКАРУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча этап-этабы менен иштерди жүргүзүүдө. 2025-жылы «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын адистери тарабынан бул объектиде техникалык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча акырындык менен жерди коопсуз абалга келтирүү чечими кабыл алынган.
Министр, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин чечкиндүү саясатынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бюджеттик каражаттын эсебинен ири долбоорлорду ишке ашырып, аймактарды жана калкты кооптуу калдыктардын зыяндарынан коргоп калуу боюнча өнөктөштөр менен бирге тарыхый милдеттерин аткарууда.
Келишимдин баасы 321 млн 648 миң рублди түзөт. 1-этапта 2026-жылы аварияга каршы биринчи кезектеги иштерди жүргүзүү, 2-этапта 2027-жылы Россия Федерациясынын объектилеринде утилдештирүү каралган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР