Жаңылыктар
01.11.2023 09:44
Кароолор: 1140
ӨКМ КӨЧМӨ ОКУТУУЛАРЫН УЛАНТУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары өлкөнүн аймактарын кыдырып, көчмө окутууларды уюштурууда.
Ага ылайык, республиканын Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү тургундарына, мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине техногендик жана табигый кырсыктардын алдын алуу, коопсуздук эрежелери, өрт кырсыгы боюнча жеринде маалымат берилди.
Окутууну борбордун жарандык коргонуу кафедрасынын улук окутуучусу, подполковник М. Субанбеков жана аймактык кафедрасынын улук окутуучусу майор М.Эргешов жеринде өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР