Жаңылыктар

11.02.2024 11:51

   Кароолор: 402

ӨКМ КАЗАКСТАН АРКЫЛУУ РОССИЯГА САПАРГА ЧЫКПАЙ ТУРУУНУ СУНУШТАЙТ

Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына ылайык, 8-февраль күнү аба ырайы кескин өзгөрүлүп Самара—Шымкент унаа жолунун айрым жерлеринде кар күрткүдөн улам унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Кызыл-Орда жана Түркестан шаарларына жакын тилкелерде унаа жолу толугу менен жабылган.

9-февраль күнү Актөбе облусунун Кара-Бутак айылынан Хромтау шаарына чейин жеңил унааларга жол ачылган. Шаардагы №3 жана №5 орто мектептеринде ачылган жылынуучу пункттарга жолдо калган жарандар тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган.

Учурда "Казавтожол" ААКнын жана Казакстан Республикасынын куткаруучулары жолду ачуу боюнча иш алып барууда.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандык жарандарды Казакстан аркылуу Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасынын аймагына убактылуу унаа менен баруудан карманып турууга чакырат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу