Жаңылыктар

12.02.2025 12:25

   Кароолор: 897

ӨКМ КАРДИОХИРУРГИЯ ИНСТИТУТУНА БУГА ЧЕЙИН ӨРТ КООПТУУЛУГУН ЧЕТТЕТҮҮ БОЮНЧА 18 ПУНКТТАН ТУРГАН ЭСКЕРТМЕ БЕРГЕН

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан буга чейин өрт коопсуздук эрежелерин бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилип, кийин айып пул да салынгандыгын маалымдайт.

Тактап айтканда, өрт коопсуздугунун алдын алуу, материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.

Анын жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23000 сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилгендигин билдиребиз.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан социалдык мекемелер, эл көп каттай турган соода борборлоруна тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп турат.

Маалым болгондой, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Бишкек шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүүчү 6 күжүрмөн эсеби, 2 автошатысы тартылды. Мындан сырткары жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, штаб иш алып барды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу