Жаңылыктар
04.02.2026 15:42
Кароолор: 2
ӨКМ кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын:
- Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.) – 2 бирдик:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамы.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы жөнүндөгү жобосу”;
- Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар.
3.2. Билгичтиги:
- толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);
- объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;
- технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү;
- Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу;
- техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү;
- аналитикалык иш - кагаздарды түзүү;
- презентация жасоого жөндөмдүү
3.3.Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;
- мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.
- Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу:
- форма боюнча жеке арызы;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
- резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
- негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтери;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн;
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтери.
- дипломдун көчүрмөсү;
- паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 3-февралынан 16-февралына чейин кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.