Жаңылыктар

16.09.2023 10:15

   Кароолор: 546

ӨКМ ишембилик өткөрдү

🇰🇬 "УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮ"

 

 

 

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республика боюнча массалык ишембилик өткөрдү.

Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаардын аймагын көрктөндүрүү максатында бүгүн ӨКМдин Борбордук аппараты, Бишкек, Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Бишкектин айланма жолунун "Дордой" базарынан Маевка айыл аймагына чейинки аралыкты тазалашты.

Кошумчалай кетсек, бул акция биринчи жолу 2022-жылдын 8-октябрында өткөрүлгөн. Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, шаар объекттеринин санитардык абалын жакшыртууга, көрктөндүрүү, тазалоо болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу