Жаңылыктар
25.06.2026 19:21
Кароолор: 4
ӨКМ ИНСПЕКТОРЛОРУ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, подполковник Батырбек Осмоналиевдин катышуусунда ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору менен бирге паракорчулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын болуп өттү.
Анда коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Батырбек Осмоналиев өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлер тарабынан этикалык нормаларды сактоонун, кызматтык ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга жол бербөөнүн жана жемкорлукка каршы мыйзамдардын талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Өрттү көзөмөлдөө кызматынын директору Бакытбек Молдоисаев өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда инспекторлорду каралоо максатында башка тараптардын мыйзамсыз иш аракеттерине каршы туруу үчүн кандай чараларды көрсө болооруна кызыгып, баалуу пикирлерин ортого салды.
Жыйын суроо-жооп форматында уланып, кызматкерлерди кызыктырган маселелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чаранын соңунда катышуучулар коомчулуктун ишенимин арттыруу үчүн эң ириде коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ