Жаңылыктар

01.02.2025 15:11

   Кароолор: 493

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!

Суук мезгилде үйдө өрт чыгуу коркунучу күчөйт. Көп учурда бул электр жабдууларын пайдалануу жана меш жылытуу эрежелерин бузуудан башталат!

⚠️мешти күнүнө 3-4 жолу бир жарым сааттан ашык эмес жылытуу;

⚠️Мештин жанына отун сактабаңыз, анын үстүнө кийимдерди кургатпаңыз;

⚠️Дубалында жана морунда жарака кеткен, бузулган мешти колдонбоңуз;

⚠️Жылыткычтарды эмеректердин жанына койбоңуз;

⚠️Электр энергиясына ашыкча күч келтирбеңиз;

⚠️Күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз, аларга көзөмөлдү балдарга тапшырбаңыз.

✅Коопсуздук өзүңүздөн башталат! Жакындарыңыздын өмүрүн сактоо өз колуңузда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу