Жаңылыктар
13.11.2025 16:07
Кароолор: 28
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КҮБӨ БОЛСОҢУЗ, КИМДИР БИРӨӨНҮН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛЫШЫҢЫЗ МҮМКҮН
Жол кырсыгы – ар бир секунду маанилүү өзгөчө кырдаал.
Кайдыгер болбоңуз!
Жол кырсыгына күбө болсоңуз, дароо токтоп, авариялык белгини күйгүзүп, кырсык болгон жерден коопсуз аралыкта туруңуз.
Кийинки аракеттерди жасоодон мурда абалды баалап, өзүңүзгө жана айланаңыздагыларга кооптуулук жок экенин байкаңыз.
СИЗДИН АРАКЕТТЕРИҢИЗ:
• Кырсыктан жабыркагандар бар-жогун текшериңиз;
• Дароо 112 номерине чалыңыз. Жол кырсыгы болгон жерди, жакынкы белгилерди же трассанын километражын, жабыркагандардын санын айтыңыз. Ошондой эле өрт чыгуу же күйүүчү майдын агып кетүү коркунучу бар же жок экенин билдирүү өтө маанилүү. Сиз берген маалымат куткаруучуларга кырсык болгон жерди тез табууга жардам берет;
• Эгер өрт чыгуу коркунучу бар болсо, унаалардан коопсуз аралыкта алыстап туруңуз. Кошумча коркунуч жаратышы мүмкүн болгон учурда кырсык болгон жерге жакындабаңыз;
• Куткаруу кызматтары келгенде, аларга жол көрсөтүп, кырсык болгон жерди табууга жардам бериңиз.
ЭСТЕ САКТАҢЫЗ!
Куткаруучулар келгенге чейинки сиздин аракеттер бир адамдын өмүрүн сактап калышы мүмкүн.
Жолдо этият болуңуз, кайдыгер болбоңуз жана коопсуздук эрежелерин сактаңыз.
https://www.facebook.com/share/v/17nweFi6s2/