Жаңылыктар
14.02.2025 10:59
Кароолор: 501
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ЖАЗДЫН КЕЛИШИ МЕНЕН КООПТУУ ТАБИГЫЙ ПРОЦЕССТЕР АКТИВДЕШЕТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаздын келиши менен күн жылып, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу республика боюнча кооптуу табигый процесстердин активдешүүлөрү күтүлөрүн эскертет.
Тактап айтканда:
- абанын температурасынын кескин көтөрүлүүсү;
- тоолордогу карлардын ээрүүсү;
- туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкүлөрдүн түшүүсү;
- жер көчкү;
- таш кулоо;
- Сел-суу ташкындарынын жүрүүсү күтүлөт.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти үзгүлтүксүз улантып жаткан иликтөөлөрдүн натыйжасында кооптуу табигый кырсыктардын жаралуу коркунучу бар аймактар боюнча ӨК министрлиги тарабынан КР Президентинин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Энергетика министрлигине, Транспорт жана коммуникация министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына январь айы ичинде жалпысынан 179 атайы эскертме кат жөнөтүлдү.
Ошондуктан ӨКМ кооптуу табигый жана техногендик процесстердин алдын алуу иш-чараларына өзгөчө көңүл буруп, КР “Жарандык коргонуу жөнүндө” №54 Мыйзамынын талаптарына (2018-ж.24.05.) ылайык, ар айыл аймактарындагы сел өтүүчү сайлардын, коллектордук-дренаждык жана сугат каналдарынын, арыктар менен сел тосмолорунун тазаланышын камсыздап көзөмөлдөөнү, керектүү сандагы күйүүчү майлардын, керектелүүчү каражаттардын корун, бардык колдонулуучу шаймандардын, инженердик техникалардын (бульдозерлер, автомобилдик крандар, экскаваторлор, автосамосвалдар) менчигинин түрүнө карабастан эсебин тактап, оң абалда кармап турууну уюштуруу зарыл экенин эскертет.
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же болуп жаткандыгы жөнүндөгү ар бир учуру боюнча 112 кызматына чалып маалымат берүүнү өтүнөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР