Жаңылыктар
22.01.2025 19:05
Кароолор: 261
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! УРМАТТУУ, ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!
Тынымсыз кар жаап, карөчкү жүрүп жаткандыгына байланыштуу алыска жол тартпай туруңуздар.
Бишкек - Ош унаа жолуна кар көчкү түшкөн аймактагы абалды байкоо, координациялоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана куткаруу иштерин аткарууга Бишкек - Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 3 куткаруучусу жөнөтүлдү.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР