Жаңылыктар
12.12.2024 16:34
Кароолор: 577
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!
Кыш мезгилинин башталышы менен аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрү тууралуу так маалымат КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана ага караштуу Кыргызгидромет кызматынын расмий сайттарына, интернет баракчаларына жарыяланып таркатылат.
Интернет колдонуучуларын аба ырайы тууралуу жана башка маалыматтарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин https://www.mchs.gov.kg ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин https://meteo.kg сайттарынан алууга чакырабыз.
Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттары маалыматтын окумдуулугун арттыруу максатында окурмандарды кызыктырган аталыштар менен жарыялашат. Мындай билдирүүлөр жарандар арасында тынчсыздандырууну жаратууда. Андыктан сиздерди жогоруда көрсөтүлгөн шилтемелерден маалыматтарды колдонууга жана окууга чакырабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР