Жаңылыктар

04.11.2025 13:55

   Кароолор: 132

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! УРМАТТУУ АЙДООЧУ САК БОЛУҢУЗ!

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу этият болууга чакырат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4–5-ноябрь күндөрү өлкө аймагында жаан жаап, карга айланат.

Андыктан жайкы дөңгөлөктүү унаалар “Сосновка” жана “Арал” постторунан өткөрүлбөйт.

АЙДООЧУГА КУЛАК КАГЫШ!

* унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз;

* алыскы жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз;

* унаалардын ортосундагы аралыкты (500 метрге чейин) сактаңыз;

* зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай туруңуз;

* кырсык болгондо күнү-түнү иштөөчү 112 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу