Жаңылыктар

16.02.2024 19:35

   Кароолор: 1000

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫНА БАЙЛАНЫШТУУ 3 УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

❗ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!

ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫНА БАЙЛАНЫШТУУ 3 УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

2024-жылдын 16-февралы күнү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, 3 унаа жолу убактылуу жабылды. Алар:

Кочкор районунда Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин;

Чаткал районунун Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары;

Кара-Кулжа районунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 101-107-чакырым аралыгы.

❗УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!

16-18-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрүлүп, өлкөнүн аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай турууну сунуштайт.

Кырсык катталганда же маалымат алуу үчүн “112” бирдиктүү кызматтардын номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу