Жаңылыктар

04.09.2024 15:12

   Кароолор: 1329

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР ЖААП, ҮШҮК ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын табы:

- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°;

- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°;

- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз 9…14°;

- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°;

- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 12…17°;

- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 13…18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз 5…10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 3…8° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу