Жаңылыктар

09.04.2025 21:20

   Кароолор: 278

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ТАБИГЫЙ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРСЫЗБЫ?..

Кыргызстандын аймагында күн ысып, жаз-жай мезгилдеринде кар көчкү, жер көчкү, сел, суу ташкындары жана башка күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдар келип чыгуусуна алып келет.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде үстүбүздөгү жылдын март айында бардык министрликтерге, облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, район-шаар жетекчилерине чейин табигый өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу эскертмелери берилген.

Анда кооптуу тилкелерде сел-суу өтүүчү арыктарды, каналдарды, сугат арыктарын тазалап, дарыя жээктерин бекемдөө жана күч-каражаттарды ыкчам даярдыкка келтирүү жана башка иш-чаралар тапшырылган.

ӨКМ Жарандык коргонуу кызматтарын күч жана каражаттарын күжүрмөн даярдыкка келтирүүгө, даяр болууга чакырат!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу