Жаңылыктар
04.05.2025 13:49
Кароолор: 183
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! СУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАК САКТАЙЛЫ!
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!
СУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАК САКТАЙЛЫ!
ӨМҮР – БААРЫНАН КЫМБАТ!
Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.
АЛЫС СҮЗБӨ;
Спирт ичимдигин ичип, сууга түшпөңүз
Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
АЛ ЭМИ СУУДА СҮЗГӨНДҮ БИЛБЕГЕНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ:
Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт;
Кескин кыймыл жасабаңыз, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.
КИМДЕН ЖАРДАМ СУРАЙСЫЗ!
Сууга уруксат берилген жерлерде гана түшүңүз.
Чектөөдөн ары сүзбөңүз, белгисиз жерге секирбеңиз.
Балдарды сууда кароосуз калтырбаңыз.
Сууда кырсык болсо, 112 номерине чалыңыз же куткаруучуларды чакырыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР