Жаңылыктар
30.12.2024 20:04
Кароолор: 134
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ПИРОТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНУУ ЭРЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
Пиротехникалык каражаттарды колдонууда анын жарактуу мөөнөтүн текшериңиз жана ал аттыруучу зат кургак кутунун ичинде болушу шарт.
Нымдалышып калса, эч качан албаңыз.
Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет.
Сатып алгандан кийин үйдө +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек.
Пиротехникалык каражатты колдонууда нускама менен таанышып, көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуңуз.
КОЛУҢУЗДАН КЕЛСЕ КОЛДОНБОЙ КОЙГОНУҢУЗ ДУРУС!
КООПСУЗ ЖАШОО, КООПСУЗ МАЙРАМДОО АР БИРИҢИЗДИН КОЛУҢУЗДА!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР