Жаңылыктар
21.01.2025 17:18
Кароолор: 382
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! КАР КӨЧКҮДӨН САК БОЛУҢУЗ!
ӨКМ айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жалпы жарандарды кар көчкү учурунда сак болууга чакырат. Ал үчүн төмөнкү эрежелердин так сакталышын эскертет!
• Алгач аба ырайына көңүл буруңуз;
• Унаа жолдорунун абалын эске алыңыз;
• Жаныңызда дайыма: термос ысык чайы менен, күрөк, чынжыр болсун;
• Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактаңыз;
• Эгерде кар көчкү алдында калсаңыз: дүрбөлөңгө түшпөңүз, катуу добуш чыгарбаңыз, көчкү токтогондо көкүрөк тарабыңызга боштондук жасоого аракет кылыңыз
• Кырсыкка учурасаңыз же күбө болсоңуз 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР