Жаңылыктар
13.07.2024 22:01
Кароолор: 334
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ !!!
ЖААНЧЫЛ КҮНДӨРҮ УНАА ЖОЛДОРУНА СЕЛ ЖҮРҮШҮ ЖАНА ТАШ КУЛАШЫ МҮМКҮН
13-17-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу, республиканын унаа жолдорунда сел жүрүшү жана таш кулашы мүмкүн.
Алар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
- Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР