Жаңылыктар

30.05.2024 17:16

   Кароолор: 760

ӨКМ ЭСЕКРТЕТ! ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ. БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ. АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

Балдардын суудагы коопсуздугу жөнүндө ата-энелер эмнелерди билүүсү керек? Жайкы эс алуу күндөрүн коопсуз өткөрөлү.

СУУ КЫРСЫКТАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ

Тамактангандан кийин бир жарым сааттан соң сууга түшүүгө болот. Температурасы +16 градустан төмөн болсо, сууда сүзүү мүмкүн эмес.

Аба ырайы +25 градуска чейин ысыса, суунун температурасы +18 гра-дуска жакындайт. Бул учурда сууда сүзүү 15 мүнөттөн ашпашы керек.

Көлмөлөрдө же көлдө атайын белгиленген, тосулган бөлүнгөн жерлерде гана сууга түшө аласыз.

Эгерде атайын белгилер жок болсо, сууга түшчү тилкелерди тандоого олуттуу мамиле кылыңыз. Балдар сууга түшчү тереңдик 70 сантиметрден жогору болбойт.

Суунун түбүнүн тазалыгын кылдаттык менен текшерип, жаш балдардын сууга түшүүсүн дайыма көзөмөлдөп, санап туруусу зарыл.

НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР:

- атайын тосулган белгилерден алыс сүзүүгө болбойт, эгер белги коюлбаса, жээктен алыс сүзбөңүз;

- кемелердин, кайыктардын, пароходдордун жанында сүзүүгө тыюу салынат;

- тааныш эмес же тереңдиги тайыз болгон жерлерде сууга секирүүгө тыюу салынат;

- дене ысып турганда же катуу ысыктан кийин муздак сууга чумкуганга болбойт, анткени бул жүрөктүн токтоп калышы же эсин жоготуу менен коштолот. Мындай абалга кабылбоо учүн денени көндүрүү, сууга чайынуу керек.

- жээктерде чоң таштар, же темир-бетон плиталары бар суу сактагычтарда сүзүүгө болбойт, аларды мох басып, тайгак болуп калат. Өмүргө кооптуу болушу толук мүмкүн;

- үйлөмө баллондор жана матрацтар жээктен алыс сүзүүгө ылайыкталган эмес;

- эсиңизде болсун, сууда досторуңуз менен ойноого болбойт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу