Жаңылыктар
20.03.2025 00:50
Кароолор: 424
ӨКМ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН УРАН КАЛДЫКТАРЫН ЖОЮУ БОЮНЧА КАЛКТЫН МААЛЫМДУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Кыргыз Республикасындагы уран калдыктары объектилерин рекультивациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жаткан аймактардын калкынын маалымдуулугун жогорулатуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды талкуулаган жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана ЕККУнун Программалык кеңсесинин өкүлдөрү жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР ӨКМдин эл аралык өнөктөштөр менен бирге аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана экосистемаларды сактоого багытталган жана уран казып алуудан жабыркаган аймактардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле бул иш-чараларды координациялоо пландары, жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылып жаткан иштердин эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы чечимдерди иштеп чыгуу, экологиялык тобокелчиликтерди азайтуу боюнча мындан аркы максаттуу кадамдар талкууланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/share/v/18tWFmN5KJ/