Жаңылыктар

15.01.2025 16:45

   Кароолор: 912

ӨКМ ДҮЙНӨЛҮК БАНК МЕНЕН 2025-2026-ЖЫЛДАРГА КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТТАРЫН АНЫКТАДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл мырза менен жолугушту.

Тараптар иш жүзүндөгү долбоорлорду жана 2026-жылга чейин кызматташуунун өнүгүү келечектерин талкуулашты. Анда негизгинен өрт коопсуздугу, өрт өчүрүү жабдууларын жана техникаларын жаңылоо, ошондой эле жаңы өрт өчүрүү-куткаруу бөлүктөрүн түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.

Мындан тышкары коргоочу дамбаларды чыңдоо, гидрометеорологиялык кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу чараларын ишке ашыруу жолдорун талкууга алышты. Бул демилгелер калкы жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган.

Министр Бообек Ажикеев Бүткүл дүйнөлүк банктын көп жылдан берки колдоолоруна ыраазычылык билдирип, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүнү биргеликте күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Хью Ридделл Кыргызстан менен өз ара алакалар жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагы боюнча кызматташуунун алгылыктуу багыттарына токтолду.

Маалымат үчүн: ушул тапта ӨКМ Бүткүл дүйнөлүк менен RESILAND CA+ программасынын алкагында “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” жана “Кыргызстанда ландшафтарды туруктуу калыбына келтирүү” долбоорлору ишке ашырылып жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу