Жаңылыктар

22.05.2026 13:52

   Кароолор: 150

ӨКМ “ЧЕК АРАСЫЗ ДАРЫГЕРЛЕР – ШВЕЙЦАРИЯ” УЮМУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЧЫҢДООНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрдин орун басары, полковник Алмазбек Асанов менен “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” эл аралык медициналык гуманитардык уюмунун жетекчиси Алексей Ким мырзанын жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана жабыркаган калкка медициналык жардам көрсөтүү багытындагы өз ара кызматташуу маселелери каралды. Өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчам жайылтууну камсыз кылуу, ошондой эле улуттук кызматтар менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны чыңдоо боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, адистерди даярдоо, окутуу иш-чараларын өткөрүү жана шашылыш медицина менен гуманитардык жардам көрсөтүү жаатындагы заманбап ыкмаларды киргизүү сыяктуу биргелешкен демилгелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу