Жаңылыктар
10.03.2025 17:18
Кароолор: 309
ӨКМ БИР АЙДА РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 110 ООРУКАНАГА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ЭСКЕРТМЕ БЕРДИ
Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда чыккан ири өрт кырсыгынан кийин Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин ооруканаларда өрт коопсуздугун текшерүүнү күчөтүү буйругу чыккан.
Ага ылайык бир айдан бери күчөтүлгөн текшерүү улантылууда жана андан бери республика боюнча 110 бейтапкана текшерүүдөн өттү.
Андагы эң негизги бузуулар:
- имараттарда автоматташтырылган сигналдардын жоктугу;
- алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын (огнетушитель) жетишсиздиги;
- суу өтүүчү түтүктөрдүн эскилиги;
- электр энергиясын бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн ачык турушу;
- электрощиттердин кооптуу жайгашуусу;
- эвакуациялык кошумча эшиктердин, жолдордун ачык эместиги жана башка.
Аныкталган бузууларды калыбына келтирүүгө 30 күн убакыт эскертме берилет жана контролдук текшерүүнүн натыйжасында аткарылбаган абалдар боюнча Бузуулар кодексинин 143-беренсенин ылайык административдик жазалар (23000) салынат.
Бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы ММК өкүлдөрү менен бирге Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун текшерди.
Бул жер бейтаптар жатып дарылануучу оорукана жана учурда 367 адам жатат. Андыктан өрт коопсуздук талаптары жана эвакуациялык чыгуулар толук камсыздалууга тийиш. Бул жагынан борбордун директору, пульмонолог Талант Сооронбаев кошумча эшиктер толук иштей турганын, бейтаптарды ташуучу арабалар жетиштүү экенин жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар жаңыланганын маалымдады.
Анын айтымында, ӨКМ адистери менен бирге дарыгерлерге өрттүн алдын алуу боюнча окуулар, нускамалар өткөрүлүп, 14 кызматкерден турган ыктыярдуу топ түзүлгөн.
Рейддин жүрүшүндө өрт коопсуздугун бузган айрым кемчиликтер да болбой койгон жок.
ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын улук инспектору Хашимжан Абдрахманов белгилегендей, автоматташтырылган сигналдар иштебейт, түтүктөрдө (водакран) суу жок, имараттын чатыры өрт коопсуздугуна каршы келген материалдар менен жабдылган.
Жыйынтыгында аныкталган бузуулар боюнча эскертме актылары түзүлүп, калыбына келтирүүгө бир айлык мөөнөт берилди.
30 күндөн кийин көзөмөлдүк текшерүү болуп, натыйжасында Бузуулар кодексинин 143-беренесине ылайык айып пулдар салынат. Анда да майнап чыкпаса тиешелүү органдарга кат жөнөтүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР