Жаңылыктар

11.09.2026 10:32

   Кароолор: 19

ӨКМ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕГИ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН АБАЛЫН ТЕКШЕРДИ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаңы окуу жылынын башталышына карата өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин өрт кырсыктарына каршы даярдыгын пландуу текшерүүнү улантууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердеги өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы, эвакуациялык чыгуу жолдорунун абалы, өрт өчүрүүчү каражаттардын жарактуулугу жана электр жабдууларынын коопсуздугу каралып жатат.

Иш чаранын негизги максаты – окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, өрттүн алдын алуу жана өзгөчө кырдаал учурунда туура аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу. Мындай профилактикалык текшерүүлөр өрт кырсыктарынын алдын алууга, кооптуу жагдайларды өз убагында аныктап, кемчиликтерди жоюуга жана балдардын коопсуз чөйрөдө билим алуусун камсыз кылууга багытталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу