Жаңылыктар

07.06.2025 23:06

   Кароолор: 70

ӨКМ АЯРЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ КАЙРЫМДУУЛУК КӨРСӨТТҮ

Кечээ, 6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы улуу Курман айт майрамына карата кайрымдуулук көрсөтүлдү.

Тагыраагы, министрликтин иштеген 200дөн ашуун үй-бүлөгө жардам беришти. Алардын катарында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон куткаруучулардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары барларга, көп балалуу куткаруучулардын үй-бүлөсү бар.

Азык-түлүк баштыгында эт, ун, шекер, май топтому таркатылды.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук жасоо ӨКМге караштуу бардык башкармалыктарда, мамлекеттик мекемелеринде өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу