Жаңылыктар

08.01.2025 14:18

   Кароолор: 632

ӨКМ: АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЫШКЫ ОКУУ МЕЗГИЛИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча түзүмдүк бөлүктөрүндө, аскердик бөлүктөрүндө 2025-жылдын кышкы окуу мезгили башталды.

Алсак ӨКМдин Борбордук аппаратында министрдин орун басары генерал-майор Урматбек Шамыркановдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү.

Өз сөзүндө министрдин орун басары куткаруучуларды кирип келген жаңы жыл менен куттуктап, министрликтин 2025-жылга коюлган пландарын так аткаруу, элге кынтыксыз кызмат кылууну, өзүнүн кызматтык милдеттерин сапаттуу аткарууну талап кылды. Ошондой эле айттырбай келген табигый жана техногендик кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу максатында кубаттуу, заманбап техникалык жаңылоо, куткаруучулардын тажрыйбасын жогорулатуу уланарын баса белгиледи.

Ал эми кезектеги кышкы окуу мезгилинде аскер

кызматкерлерине күжүрмөн даярдык боюнча сабактар, практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу